Бирөөгө эч качан жамандык ойлобоо, жаманчылык кылбоо. -Ата-энемдин арбагын сыйлаган ак байбичеге кылдай кара санаба, катын! - дейт ал коркуп, үңкүйүп Зуураканга (Сыдыкбеков).
Бирөөгө эч качан жамандык ойлобоо, жаманчылык кылбоо. – Ата-энемдин арбагын сыйлаган ак байбичеге кылдай кара санаба, катын! – дейт ал коркуп, үңкүйүп Зуураканга (Сыдыкбеков). В.: Кылына кара санабоо. Бирөөнүн кылына кара санабаган ал кишини мен билемин, – деди («Ала-Тоо»). Кылча кара санабоо. Бирөөгө кылча кара санабаган бечара, – деп ичинен аны аяды (Ашымбаев).